20.09.2021

Интернет заман: көрсөң ойлон, жарыяласаң байка

Кимдин, кимдин заманы, технологиянын заманы болуп калган убак. Эмгектеген баладан, бүкүрөйгөн карыяларга чейин уюлдук телефону, жок дегенде бир соцжеледе баракчасы бар. Анын пайда-зыяны эмнеде?

Мындан ондогон жылдар мурда “сен – сен окуган китептейсиң” деп айта турган болсок, эми ” сен – сен көргөн видео, окуган блог/жаңылык, жазылган блогер, айтор сен пайдаланган контентсиң” деп айтууга толук негиз бар. Ананчы, азыр биз убактыбыздын басымдуу бөлүгүн видеохостингдерде, социалдык тармактарда өткөрүп, мектеп, университет талап кылган адабияттардан көбүрөөк жактырган блогерлердин постун окуйбуз.

Интернеттин жайылышы менен маалымат теңсиздиги жоюлуп, дүйнөнүн ар бурчундагы жаңылыктан кабар алууга, Америкадагы курстан же мугалимден аралыктан окууга, каалаган темада өз ишинин чеберлеринен кеп-кеңеш алууга же өзүңчө блог ачып, контентчи болууга мүмкүнчүлүк ачылды.

Айтмакчы, контент деп сайттын, ютуб каналдын же социалдык желедеги баракчанын маалыматтык мазмунун айтабыз. Ал эми контент жасаган киши – контентчи же контентмейкер.

Кыргызстандыктардын 80 пайызга чукулуна интернет жеткиликтүү

Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдын сентябрь айында жарыялаган маалыматына таянсак, учурда өлкөдөгү калктын 99 пайызы мобилдик байланыш менен, 70 пайыздан ашыгы жогорку ылдамдыктагы 4G интернет менен камсыз. Кыргызстандагы 15 жаштан жогору кишилердин 63 пайызы интернет колдонушат. Ал эми интернетти эң активдүү пайдалангандар 15 жаштан 28 жашка чейинкилер.

Демек, азыр медиа жана интернет сабаттуулугу, контентти айрып тааный билүү жаш кары дебей текши аба менен суудай кажет. Калкка таасир этүүнүн, өспүрүмдөрдү тарбиялоо, бир идеологиянын астына чогултуунун эң эффективдүү куралы да – интернет.

Кимди көрүп, кимди окуп жатабыз?

Livedune соцтармактарды анализдөө сервисинин статистикасына таяна турган болсок, кыргызстандыктар Ютубда көргөн каналдардын сап башында “Solo” медиа порталы, “Акыркы кабарлар Санжар Калматай”, “Super kg”, “1.1Studio” турат. Булардын көпчүлүгү соңку жаңылыктар жана көңүл ачуучу багыттагы (шоу, скетч, музыка ж.б) контент жарыялашат. Ал эми Instagram соцжелесиндеги популярдуулукту катталуучулардын саны менен өлчөй турган болсок, тизменин сап башында шоу бизнес өкүлдөрү турат. Алардан кийинки кезекте эле кыска күлкүлүү видео тарткан вайнер, пранкерлерди көп окушат. Бул жакта деле баягы: ыр, той, күлкү, арасында жарнама аралашкан көңүл ачуучу контент.

Жүздүн жүздөй, миңдин миңдей түйшүгү

Арасында тестиерлер, бойго жеткен жаштар, орто жаштагы эже-байкелер, апа-аталар бар миллиондук аудиториянын ээлери тилекке каршы дайым эле өзүнүн эл алдындагы жоопкерчилигин сезе беришпейт. Буга далил болчу окуялар ого эле көп. Ырчы Асел Кадырбекова мындан бир жыл мурда гивдин жарнамасына цирктеги маймылды тартам деп, жаныбарларга зомбулукту пропагандалап жатат деген кине менен терс пикирлерге көмүлгөн. Андан кийин жай айларында дагы бир вайнер Эмил Токтошев таксинин жарнамасында ала качууну романтизациялап, тамаша катары чагылдырганы үчүн желенин колдонуучулары тарабынан катуу сындалган. Башка бир блогер да өз видеосунда кыздардын кийген кийимин сындаганы үчүн талкуунун чордонунда калган.

Бул мындай мисалдардын бир гана бөлүгү. Мындан улам бардык эле арбын аудиториясы бар адам анын жоопкерчилигин сезип жатпагандыгын көрүүгө болот. Эгер абал ушундай болсо анда блогер эмес, тескерисинче, көрүп жаткан көрүүчү жоопкерчиликтүүрөөк мамиле кылып, көргөн, уккан контентин тандашы зарыл. Көргөндүн баарына эле ишене бербей, Инстаграм, ТикТок, Ютуб, Фейсбук, Твиттерди кудум үйдөгү китеп текче сымал кабыл алып, ылгачу кез келди.

Жоопкерчилик жеке эле “миллионерлерде” эмес

Бир видео тартып жарыялап, анысы вирустук болуп миллиондогон кишиге жайылып кеткен мисалдарды арбын эле угуп-көрүп жүрөбүз. Кээде бул күлкүлүү, үлгү ала турган окуялар болсо, айрым учурларда жүз кызарта уялтчу иштер да болуп калат. Же бир иш-чарага, же экскурсияга же башка жакка барсаң адамдар көргөнү эмес эле, өзүнүн бир жакка келгенин көрсөткөнү келген го деген ойго кабыласың. Бирок жүктөгөн видео, жарыялаган посту үчүн жүз миңдеген, миллиондогон аудиториясы бар популярдуу блогер, жылдыздар гана эмес социалдык тармакка, жамы журтка бир нерсе көрсөтүп жаткан ар бир колдонуучу жоопкерчилик алат. Жарыялаган контенттин маңызы мыкты, андагы айтылып жаткан маалымат фейк, дезинформация эмес, такталган, туура маалымат болушу кажет.

Андыктан ар бир сторис, пост салаардан мурун, ватсаптан келген билдирүүнү башкаларга кайра жөнөтпөй туруп ойлонуңуз: Бул кимди кандай ишке түртөт? Эч кимге зыяны тийбейби? Муну менен эмне ой бергим келип жатат?

Баян Аманатова,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти