25.06.2021

Кыргызстан: жумушсуздуктун себеби эмнеде?

Адисттердин пикирине таянсак, учурда дээрлик ар бир төртүнчү адам жумушсуз. Ар бир үчүнчү адам иштеп жаткан жумушунда башка жумуш табалбай калуу коркунучу менен иштейт. Кыскасы, бир жерде иштеп жатканы үчүн эмес, бир жерден жумуш тапканың үчүн бактылуу боло турган учур.

2021-жылдын биринчи айынан бери Бишкек шаарындагы ар кандай мекемелерге жумуш боюнча кайрылдым. Бирок, барган ар бир жерден окшош жооп алдым – «Номериңизди калтырып кетиңиз, биз сизге чалып коёбуз!» Бирок, бирөө дагы кайра чалбайт. Ошентип мен жана мага окшогон миңдеген адамдар ар күн сайын жумуш издеп, бирок бир дагы туруктуу жумуш таба албай келет.

Статистикалык маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда расмий 200 миң адам жумушсуз. Чыныгы жагдай мындан дагы көп экени шексиз. Пандемиядан улам бир топ жумуш орундары жабылып, жумушсуздуктун саны башка учурларда салыштырмалуу артты. Мисалы, 2019-жылы 101 миң адам жумушсуз болсо, анын 82 миңи расмий түрдө жумушсуз деп катталгандар (azattyk.kg). Жумушсуз адамдардын санынын артышына чет өлкөдөгү мигранттардын мекенине кайтып келүүсү дагы бир себеп.

2017-жылы жумушсуз деп катталган 886 адамдын 192си (22%) жогорку окуу жайын бүтүргөндөр (kyrgyz.media). Төрт жыл ичинде бул көрүнүш дагы да көбөйүп жатат. Ошондуктан жогорку жана орто билимдүү жарандар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болууда. Себеби эмнеде? Кыргызстанда чын эле жумуш орундары жокпу? А балким башка себептер дагы бардыр?

Айсулуу медициналык колледжди бүтүргөн. Дипломду колго алары менен өзү жашаган аймактагы ооруканага медайым болуп иштей баштаган. Бирок алган айлыгы 3700 сом, анын ичинен патент, соцфонд ж.б кармалып олтуруп колго тийген акча 3000 сом, же андан да азыраак. «Келечекте өзүмдүн клиникамды ачкым келет, бирок Кыргызстанда андай акча табуу мүмкүн эмес. Бишкекте кесибимден сырткары бир нече жерге жумуш боюнча кайрылдым, бирок жооп болгон жок», – дейт Айсулуу. Азыркы учурда Орусияга мигрант болуп кеткен.

Кайыргүл учурда Түркиянын Измир шаарында эмгектенет. Карантин учурунда жумушсуздуктан жапа чеккендердин бири. Каарманыбыз Түркияга кетүүсүнүн себебин мындайча айтып берди. “Айылда калайын десем жумуш жок, Бишкеке келип бир жумушта иштеп жаткам. Бирок жумуш сааты көп болгону менен айлык аз. Бүт нерсе кымбат. Ал эми тапкан акчам батир акысын төлөөгө, коммуналдык төлөмдөрдү аткарууга жана күнүмдүк керектөөлөрүмө гана жетчү. Эгер ооруп калсаң же дагы бир пландан тышкары акча жумшоого мажбур болсоң анда айдын акырына чейин кайра карыз болуп калчумун. Бул жакта деле абал жыргагандай эмес, карантиндик чектөөлөр күчөп, жумуш орундары кыскартылып жатат. Бирок жумушта камсыздандыруу кызматы болгондуктан бир топ ыңгайлуу. Жумуш сааты аз, эгер ашыкча иштеп кала турган болсоң ал үчүн өзүнчө акча төлөнөт”.

Маселе чечилеби?

2021-жылдын 20-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Искендер Матраимов кредит алуучуларга жеңилдик берилүүсү керек деген маселени козгогон. Анын айтымында, 1 миллионго жакын кыргызстандык кредит алат. Ошондуктуктан мамлекет аларга шарт түзүп берүүсү керектигин айтып чыккан.

Адистердин пикирин тыңдасак, жарандар кредитти төлөө үчүн экинчи бир кредит алышат экен. Демек, көйгөйдү азайтуу кредит берүү менен ишке ашпайт. Анын ордуна кредит алууга жеткирбөөнүн жолун издөө логикалык жактан алда канча акылдуу бир кадам. Башкача айтканда, Кыргызстандагы жумуш орундарын жарандарга ыңгайлуу тарабынан түзүү алгачкы кадам болуп саналат. Ошондой эле камсыздандыруу кызматы (эгер жумуштан кыскартуу болуп, иштеп жаткан жаран жумуштан кетирилсе компенсация төлөө сыяктуу) көрсөтүлсө көйгөйдүн чечилишине салым болмок.

Орус тилин билүү жумуш табууда маанилүүбү?

Анара 21 жашта, Ош шаарында медициналык колледждин фармацефтика бөлүмүн бүткөн. Кесиби боюнча 2 ай иштеп, анан чыгууга аргасыз болгон. Бишкеке келип алгач адистиги боюнча андан соң башка ар кандай жумуш издеп көргөн. «Бишкекте жашоо башка шаарларга караганда алда канча оор. Башка жерлерге караганда бир топ нерсе кымбат. Тапкан акчаң өзүнө айдын акырына чейин жетпейт. Анан дагы мен барган бардык жерде орус тили биринчи орунда экен. Мен орусча жакшы билбейм, а бирок жайкы каникул учурунда Москвада орус тили жок эле иштеп келгем. Россиядагы кыргыздардын көпчүлүгү орусча билбейт, бирок бир дагы жолу тил билбегендиги үчүн кыйынчылыктар жаралганын укпаптырмын. А Бишкекте кээ бир дүкөндөрдөн соода кылуу дагы орус тилин сөзсүз билүү керек экен».

Учурда Анара дагы Москвага иштөө үчүн кеткен.

Мен барган жумуш орундарынын дээрлик 90 пайызында орус тилинде эркин сүйлөө биринчи критерий катары саналат. Тил билүү, албетте, маанилүү бирок Кыргызстанда кыргыз тилине эмес орус тилине басым жасоо канчалык деңгээлде туура? Кыргызча билбеген, бирок орус тилде түш жоруган адам менен, тескерисинче, орус тилинде так сүйлөй албаган адам бир позиция үчүн бир учурда кайрылса орус тилдүү адамдын жумушка кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү алда канча көп. Бирок жарыяда кыргыз жана орус тилдерин билүү деген критерий бар.

Бул тууралуу сураганымда жумуш берүүчүлөр: «Кардарлардын талабы ушундай. Тейлөө кызматтарында товар тууралуу маалымат берүү үчүн орус тили ыңгайлуу, ошондуктан орус тилине көбүрөөк басым жасалат» деп айтышты. Ушундан улам «эгер бир өлкөдө жарандар ар кайсы тилде сүйлөшсө анда ал өлкөнүн биримдиги жана келечеги жок» деген Ататүрктүн айтканы эске түштү. Ушундай ыңгайсыздыктардан улам чет өлкөгө кеткен мигранттардын саны көбөйүүдө.

Бермет Жуманазарова,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти