17.10.2021

Кыргызстан майыптыгы бар балдарга майнаптуу маани береби?

Жылдан жылга Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны көбөйүүдө. 2019-жылга карата 32 миң майыптыгы бар 18 жашка чыга элек бала катталган. Жөнөкөй адамдарга шарт түзүү кыйынга турган Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга кандай камкордуктар көрүлүүдө?

Майыптыгы бар балдар кимдер?

Бегайым Мирова иниси Даниярды (аты өзгөртүлгөн) кичинесинен бери карап келет. Данияр балдардын церебралдык паралич оорусуна чалдыккан.

“Ар баланыкы ар кандай болот. Аны эч качан жалгыз калтырбайбыз. Күндө ар кандай дарыларды беребиз. Дайыма докторлорго алып барып көргөзүп турушубуз керек. 3 ай сайын 1 айлык массажга алып барып турабыз ансыз такыр болбойт. Мындай балдарды түшүнүү оор. Бир нерсе каалап жатканда аңдабай турсаң, чыдабай ыйлап жиберишет. Андан тышкары бат баттан ооруп калышат. Былтыр жайында биз үй-бүлөбүз менен коронавирус оорусуна чалдыкканбыз. Данияр да пневмония болду. Кудайга шүгүр азыр баары жакшы айыгып кеттик”, – дейт Б.Мирова.

Түзүлгөн же түзүлбөгөн шартар

Майыптыгы бар балдар биздин коомдо жогорку билим эмес, орто билим албай келет.Ушундан улам бала жетилгенде коомчулукка аралаша албай калат. Бул коомдогу эң эле орчундуу көйгөй десек жаңылышпайбыз.

Кыргызстанда мумкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Кыргызстандын статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2007-жылы мүмкүнчулүгү чектелген балдардын саны 20 660 болсо 2019-жылга карата балдардын саны 32 013 болду.

2019-жылы өлкөбүздүн Өкмөтү БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясын ратификациялаган. Биздин мамлекет бул Конвенцияга 2011-жылы кол койгон.

Ал конвенцияга ылайык майыптыгы бар адамды коомдун тең укуктуу мүчөсү катары тааныйт жана аны бөлүп койбостон, тетирисинче, анын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө түрткү бере турчу майыптыкты туура түшүнүүнүн социалдык жана укук коргоочулук моделин сунуштайт. Негизги акцент дарылоого эмес, талаптарды канааттандырууга, басмырлоону жок кылууга, ошондой эле коргоонун эффективдүү механизмдерин түзүүгө, укук жана эркиндикти ишке ашырууга жасалат. Бир сөз менен айтканда, ратификациялагандан соң майыптыгы бар адамдардын жашоо-шартынын бардык тармагына болгон мамилени кайрадан карап чыгуу боюнча милдетти мамлекет өзүнө алат”,- деп Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү планында жазылган.

Документтер түзүлүп, аларга кол коюлганы менен майыптыгы бар балдарга түзүлгөн шарттар оңолбой келет. Жок дегенде кадимки аялдамалардагы майыптар үчүн жасалган көтөрмөнү айтсак болот. Алар же өтө тик жасалган же болбосо такыр эле жок. Ал эми башка имараттарга кирген тепкичтин жанындагы майыптардын көтөрмөсү өтө тик жана кыш келгенде муз тоңуп чыныгы жылгаяк болуп калат.

Жогорудагы сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, майыптыгы бар адамдарга жол сыяктуу элементардуу шарттар түзүлбөгөндөн кийин башка шарттар тууралуу айтуунун эч кажети жок го.

Кыргызстанда мектептер жетишсиз болуп жаткандан кийин майыптыгы бар балдар үчүн тейлөө жүргүзгөн мекемелердин аздыгын айтпай эле коелу. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарыялаган маалыматка ылайык адистештирилген мекемелердин саны төмөнкүдөй:

Айылдарда абал кандай?

Ысык-Көл областындагы Жети-Өгуз районуна караштуу Жети-Өгүз айылынын Данаке Иманов атындагы орто мектебинде майыптыгы бар балдар үчүн эки класс бар. Мектеп директору Айнагүл Кадыркулованын айтымына караганда, балдарды мектепке алып келип кайра үйгө жеткирүү үчүн автоунаа бар. Анын жолго корогон бензинин болсо айыл өкмөтү төлөп берет.

“Майыптыгы бар балдарга абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Эки окуу классы. Бир ойноочу бөлмө. Интерактивдүү доскалар, проекторлор, китептер, ноутбуктар келген. Биздин мектепке беш айыл өкмөтүнөн балдар келишет”, – деп билдирди мектеп директору Айнагүл Кадыркулова.

“Балдарга абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Ысык тамак берилет. Майыптыгы бар балдар кадимки балдардай эле билим алышат. Болгону кабыл алуусу кичине жай”, – дейт мектептеги коррекциялык класстын класс жетекчиси Аида Чыныбаева. Андан тышкары балдарга азыркы учуда логопед адиси жетишпей жаткандыгын кошумчалады.

Бийликти карап отура бербестен өз күчү менен абалды оңдойм деген мындай көрүнүштөрдү Кыргызстандан көп эле көрүүгө болот. Коомдук көйгөйдү коом чечпесе ким чечип берер эле?

Абал өзгөрөбү?

“Майыптыгы бар балдардын Кыргызстанда түзүлгөн шарттары өзгөрүлүүдөбү?” – деген суроого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев төмөндөгүдөй жооп берди:

“Жакында эле инклюзивдик билим берүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми аны өкмөт ишке ашырышы керек. Азыркы учурда өкмөттө БУУ майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу конвенциянын ишке ашырылуусу боюнча план каралууда. Биздин өкмөт пландан өтө артта калды. Конвенция ишке аша элек. Анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар, мисалы, саясаттагы туруксуздук, бюджеттин жетишсиздиги. Конституциялык реформадан кийин майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш президенттин алдында иштейт, ошондо көптөгөн көйгөйлөр каралат”, – деп кошумчалап кетти Дастан Бекешев.

Алдыда бизди кандай өзгөрүүлөр күтөт. Бийликтин айткандары аткарылабы? Биз бийликти эле карап отурбастан айланабыздагы көйгөлөрдү өзүбүз да чечкенге аракет кылалы, деген тилектер көп.

Жылдыз Амандыкова,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Устаты Бакыт Орунбеков

Сүрөт https://pixabay.com/ сайтынан алынды