16.05.2021

Кыздарды арбаган желедеги тузак

Көпчүлүк жаш кыздар үчүн бүгүнкү күндө вебкам моделинг жеңил акча табуунун жолу болуп калганы ачык айтылбаса да тар чөйрөдө талкууга жем таштап келет. Ортомчулардын чөнтөгүнө миңдеген доллар алып келген бул бизнеске, алданып келгени, келип, коркутуу, басымга кабылып кете албай калганы толтура. Кыздардын психикасын бузуп, келечегин тумандаткан бул эмне болгон бизнес?

“Жумуш издеп жүргөм, көпкө издедим. Бирөөнүн графиги туура келбесе, башкасынын айлыгы жакпайт. Бир күнү Инстаграм барактап отуруп: “Модель издейбиз. Айлыгы 1000$дан жогору. Эгер сенин жашың 18-25те болсо, анда бизге жаз. Графикти сага ылайыктап түзөбүз” деген жарыяга көзүм түшүп калды. Айлыгын окуганда эле кантип кем-карчымды толуктап, ата-энеме да жардам берип жатканымды элестетип алдым. Сүйүнүп кетип номерин жазып чалдым. Чалсам шыпылдаган жигит шаардын чок ортосундагы бир даректи айтып, маектешүүгө чакырды. Фото-видео проба болот деп кошумчалай кетти. Ансайын моделдик агенттик окшойт деген божомолум чындыкка жакындай баштады. Ошентип маектешүүгө бардым. Офис дегени ичи-сырты түгөл жабык имарат экен. Кирдим. Менеджер менен сүйлөшүп эле, мен ойлогондон таптакыр башка ишке түшүп калганымды билдим. Модель дегени сүрөткө түшүп, кийимдерди же башканы жарнамалоо эмес, интернет аркылуу виртуалдык интимдик кызмат көрсөткөн веб моделдер экен. Кеткенче шаштым. Жарыя ачык эле интернет айдыңында сызып жүрөт, мен го студентмин, угаар менен артымды карабай жөнөп бердим, а өспүрүмдөр деле көрүп алданып, ошол жумушка барып албайт деп ким кепилдик берет?”, – деп өзүнүн башынан өткөргөн окуясын тааныш кызым Мика (аты өзгөртүлдү) айтып берди.

Вебкам моделинг деген эмне?

Вебкам моделинг – видеочат аркылуу интимдик кызматтарды көрсөтүү. 1999-жылдан тартып, интернеттин өнүгүшү менен пайда болгон. Бул индустрияда аялдар менен катар эле эркектер да эмгектенишет. Ал эми Кыргызстанда бул нерсе менен көпчүлүк учурда жаш кыздар алектенип жүргөнүн көрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында вебкам моделингге уруксат берген же тыюу салган норма жок. Атайын вебкам студиялардын уюштуруучулары компьютер, веб-камераларды сатып алып, кыздарды таап ортомчулук кылып акча табышат. Мындай ортомчулар “онлайн бизнестен” түшкөн каражаттын 70 пайызына чейин алып кетишет. Кирешелүү бул бизнес адатта ижарага алынган батирлерде же үйлөрдө ишке ашырылат. Ал эми алардын иш-аракети дээрлик көзөмөлдөнбөйт.

“Англисче билсең алабыз”

Курман (аты өзгөртүлдү) борбордогу окуу жайлардын биринде акыркы курста билим алат. Мектептен эле англис тилин жакшы өздөштүрүп, ага кошо окуган факультети да англисче болгон соң, окуудан сырткары котормочулук менен кошумча каражат тапчу. 2019-жылдын жазында ага тааныштары опоңой, кирешелүү жумуш сунушташкан:

“Окуу жайда бир тааныш бала карапайым эле студент катары жүрчү. Акыркы бир жыл ичинде абдан катуу өзгөрдү. Кымбат баалуу телефон көтөрүп, аз өтпөй өз күчү менен машине сатып алды. Бир жолу университеттин ашканасында отуруп, эмне иш кылаарын тартынбай эле сурадым. Ал оператор болуп видеочалууларга жооп берээрин айтты. Анан кызыксаң кел, дал азыр бош орун бар деп чакырды. Мен эртеси Бишкек Парк соода борборунун жанында жайгашкан кеңсеге бардым. Вебкам студияда операторлук жумуш экен. Кардар менен кыздардын ортосунда туруп, чалууга кошулган үчүнчү компьютер кыздардын ордуна кардар менен жазышасың. Алардын баары чет элдиктер болгондуктан англисче жазышуу кажет. Комментарийлер, өзгөчө суранычтар кыздарга башка мессенджерден жеткирилип турат. Студиянын ээси мага иштин жайын толугу менен айтып берди. Өздөрүнүн «токен» деген валютасы болот экен. 25 токен – 1 доллар. Ошол жакта иштеп жүрүп, жанагы жабык Телеграм чаттардагы кыздардын жылаңач сүрөттөрү кайдан жайылаарына күбө болдум. Баса, атайын ошондой чаттар бар. Ичинде жык эркек балдар отурушат. Көрсө, ошондой сүрөттөрдү көбүнесе видеочатка күбө болгон операторлор таратышат экен. Алар алгач андай сүрөттөрдү кызга сунушташып, ооз басырык ирээтинде $50-100 сурашат, кыздар бир берсе маал-маалы менен коркута беришет”.

Өз күнөөсү өзүндө болгон кыздар

Катышуучуларынын саны 6000-7000ден ашкан Телеграм мессенджериндеги чаттарда Курман айткандай ооз басырыкка акча бербей койгон эле кыздардын эмес, администраторлордун колу жеткен сүрөттөрдүн баары жарыяланат экен. Көп учурда жарыяланган сүрөттөрдү өчүрүү үчүн акча талап кылышып, бербесе өчүрбөсүн, жеке маалыматтарын, социалдык тармактардагы даректерин ачык айтып салаарын айтып, коркутушат. Кээ бирде тааныштарын көрүп калып, жеке маалыматтарын жазып салгандар болот.

“Бул бизнесте көптөн бери жүргөн Алима аттуу таанышым бар. Ал ушундай жол менен кол алдындагы кыздарды кармаарын айтып келет. Кыздар иштеп жатканына өзүн ашыкча күнөөлүү сезбегени менен, баары бир муну ага-тууганы билишин каалашпайт. Кардары көп бирөө-жарым кетем деп баштаса, сүрөттөрүн салып салаарын айтып коркутат. Кээ бирөө айласыз байланып кете албайт”.

Сүрөттөрдү ачыкка чыгаруу жеке эле шантажисттердин эмес, студия иштеткендердин да колундагы көзүрү экенин Курман ушинтип айтып өттү.

Курмандын башка бир таанышы Эрмек жогорудагы Телеграм чаттарда ортомчу болуп акча тапкан:

“Ал чаттардын администраторлору ким экенин билбейм, балким, чын эле операторлордур. Бирок алардын колунда чындап эле көп маалымат бар. Сүрөт, ага кошо сүрөттөгү кыздын аты-жөнү, канча жашта, кайда окуйт, иштейт, Инстаграмдагы аккаунтунан бери билишет. Кээ бир маалыматты сүрөткө кошуп жүктөшчү, кээ бирөөндө сүрөттөрдү жүктөп жеке маалыматтарын кадимкидей сатышчу. Жанагы сүрөткө кошуп жүктөлгөн маалымат аркылуу кыздарды таап, сүрөтүн өчүргөнгө акча сунуштап көргөм. Алар акча берет, мен өз %ымды алып калып, администраторго айтып акча котором. Айрымдары бекер эле өчүрүп салышат. Андайда бүт акча колумда калчу. Ошентип аз убакыттын ичинде 20000 сом тапкам.

Бирок ошол чатта сүрөтү жарыяланган кыздардын баары вебкам моделдер эмес. Кээде өчөшкөндөр жөнөкөй эле кыздардын сүрөтүн ага кошо жеке маалыматттарын жарыялап салгандар болгон. Ал жактагылардын көбү аны териштирип отурбайт. Сүрөтү жүктөлсө демек алектенген иши вебкам моделинг деп түшүнүшөт. Ошентип бир кыз ажырашып кетти. Сүрөттү кайын журту көрүп калыптыр. Байкуш кыз ак жеринен күйүп калды”.

Мындайда кыздардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбайт. Кээ бири өз алектенген иши үчүн уялса, кайсы бири шантажисттер жаза алаарына деле ишенишпейт.

Турмушка чыккандан корком”

Айгерим бул чөйрөдө 4 жылдан бери иштейт. Ушул 4 жыл аралыгында ал тапкан акчасына батир, автоунаа алып, жеке бизнес ачканга жетишкен.

“Өз бизнесим бул иштей акча алып келе баштаганда вебкам моделингди биротоло таштайм. Башында аябай уялчумун, азыр кадимки иштей эле мамиле кылам. Турмушка чыккым келбейт, же чыксам да кыргызга эмес чет өлкөлүк бирөөнө чыгам. Чаттарга сүрөтүм чыккан эмес, бирок бир күнү чыгып кетпейт деп да кепилдик берчү эч ким жок. Болочок кайын журтум тургай, ата-энем да түшүнө албаса керек. Корком. Алар мени интернеттен иштеген дизайнер-фрилансер деп ойлошот”.

Айгерим сындуу кыздар жүздөп саналат. Алар кем-карчын толуктап, жакшы акча тапканына кошо, жаштайынан психологиялык басым, эмоционалдык көйгөйлөрдү да таап алып жатышат.

А кыздардын психикасычы?

Психологдордун айтымында вебкам индустрия – кардар менен сүйлөшүп эле акча тапкыдай Call-борбор эмеc, ал психикага чындап эле таасирин тийгизет. Кыздарда дайымкы негизсиз коркунуч, тынчсыздануу болушу ыктымал. Кээ бири өзүн өзү сатып жаткандай сезимге да кабылышат. Менталдык ден соолукка ого эле зыян.

Интернет желесинде пайдалуу, кызыктуу миңдеген маалыматтар, сунуштар болгону менен арасында мындайлар да жок эмес. Ар бир колдонуучу, айрыкча кыздар, интернет желесинен чыныгы желеге түшүп калбоо үчүн ар дайым абай болгону дурус.

Баян Аманатова,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнун студенти.

Устаты Бакыт Орунбеков

Сүрөт https://pixabay.com/ сайтынан алынды

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *