06.08.2021

Өспүрүмгө жыныстык тарбия бериш керекпи?

Көз жаш, ыза, алданып калуу, убагынан кеч түшүнүү… Жүрөк өйүткөн бул сөздөр азыркы учурда өспүрүм кыздардын жашоосунда болуп жаткандыгы зээн кейитет. Жашоону жаңы гана аңдап билип, кызыгына эми гана батайын деп турган, он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздардын тагдыры талкаланууда. Анын себеби кайда, талдаганга аракет кылып көрөлү…

Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиеванын жалпыга маалымат каражаттарына берген маалыматын эске сала турган болсок, мектеп жашындагы кыздар кош бойлуу болуп калгандыгын ата-энелеринен жашырышып, жеке менчик клиникаларга барып, өз алдынча аборт жасатышкан учурлар катталып жаткандыгын айткан. Анын айтуусу боюнча, келечекте бул жагдай кыздарды тукумсуздукка алып келүү коркунучун жаратат. Аябагандай эле курч маселе. Кыздардын тагдыры талкаланууда…

Мындай үрөй учурган окуялардын көп санда кездешүүсүнө эмне себеп болууда? Эмне үчүн азыркы учурда зордуктоо фактылары, ажаатканага же таштандыга ташталган ымыркайлар, өспүрүмдөрдүн арасындагы кош бойлуулук, жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны көбөйгөндөн көбөйүп баратат?

Э.Сурабалдиеванын пикири боюнча, бул көйгөй баягы эле адамдардагы караңгылык, билимсиздикке барып такалат. Маалыматтын жетишсиздиги же жыныстык тарбия тууралуу эч жерде ачык айтылбагандыгынан улам ушундай окуялар келип чыгууда. Жана да кыргыз коомунда жыныстык тарбия тууралуу сөз болгондо “кой, андай нерсени сүйлөө уят” деген түшүнүктөр жашап келет. Ошол уят деп отуруп, өспүрүмдөрдүн маселени тикесинен коюп, айта албай, үн ката албай, көөдөнүнө “кой, уят” сиңип калгандыктан ушундай зээн кейиткен окуялар кездешүүдө.

Жыныстык тарбия деген эмне?

Жыныстык тарбия – бул балдарга жыныстык катнашууга кирүүнү үйрөтүү эмес. Жыныстык тарбия – бул ата-эне менен баланын ортосундагы эң баалуу, ишенимдүү мамилелердин бири. Бул маданият адамдын түзүлүшү, ден соолук жана өзүн коргой билүү жөнүндө. Сексуалдык зомбулуктун алдын алуунун бирден бир жолу болуп саналат дешет адистер.

Андай болсо, ким үйрөтүшү керек? Кантип?

Көпчүлүк ата-энелердин пикиринде тарбияны негизинен бала жаштайынан өз үйүнөн алат. Ата-энесинен, жакындарынан. Ал эми жыныстык маданият тууралуу, ата-эне балдарына өз убагында так жана туура шарттарда үйрөтүп, түшүндүргөн болсо, өспүрүм баланын азыркы жашоосун да, кийинки жашоосун дагы жакшыртат, коопсуз кылат. Колдон келишинче ачык сүйлөшүп, түз айтып баланын маселесин уга билип, жаштайынан ушул нерсеге көндүрүү зарыл. Себеби бала кандайдыр бир сексуалдык зомбулукка учураган болсо, коркпостон, тартынбастан апасына же атасына айтып бере алат. Эгерде бул нерсе тууралуу ал үйдө сөз болбосо, сүйлөшүүлөр жүрбөсө, бала эч убакта айтпайт. Тартынат, уялат, коркот.

Адистердин пикирине таянсак, жыныстык тарбияны бала төрөлгөндөн баштоо керек. Мисалы, наристеге 4 жашында ич кийим эрежесин үйрөнүүсү баланын коопсуздугуна өбөлгө түзөт. Эгер баланын ич кийимин бирөө чечип же башка иш-аракеттерди кылганда, бала апасына айтып бере алгыдай болуусу керек. Өзү кийин чоңойгондо үйрөнүп алат деп көз жаздымда калтырбоо зарыл. Ал чоңоюп, үйрөнгөнгө чейин эмнелер болуп кетет, эч ким кепилдик бере албайт.

Мындай нерсе менин жакын курбумдун дагы башынан өткөн экен.

“4-класстын окуучусу элем. Кечки маал мектептен үйгө келе жатканымда, астымдан бир киши чыга калып, эч себепсиз мени токтотуп, өзүнүн жыныс мүчөсүн мага көрсөткөн эле. Мен коркконумдан, ыйлаган бойдон качып жөнөгөм. Бирок, бактыга жараша мага тийген жок. Жол бою ыйлап келип, үйдөгүлөргө айтпайм деп чечтим. Айтсам, кайра мени урушат деп ойлодум, апамдан корктум. Айткан жокмун. Ошол бойдон бул окуя менин ичимде калды. Ал күнү болуп өткөн окуядан кийин психикалык травма алганмынбы билбейм, 1 жума мектепке барбай койгонум эсимде. Ошол кишинин мага жасаган иши – бул мага болгон зомбулук экендигин ошондо билсем кана… Маалыматым жок эле. Мага эч ким айткан эмес. Биздин үйдө бул тууралуу сүйлөшүү дээрлик жат көрүнүш болчу. Жыныстык тарбия мага берилбегендигинин кесепетинен жогорудагыдай окуяга кабылып олтурам. Апам эгерде жыныстык маданият тууралуу кичинекей кезимден мээме кыттай куйганында, мен ошондо уялбай, коркпой айтып берип, эч кандай травма албай, өмүр бою коркунучта жашамак эмес белем деп кетем. Ким билет…”, – дейт курбум.

Мындай окуялар кыргыз коомчулугунда миңдеп катталып жатат, статистика боюнча ар бир 3-кыз жакын адамдары же болбосо башкалар тарабынан зордук-зомбулукка кабылат экен. Ал эми укук коргоочуларынын айтуусу боюнча, дагы эрте төрөгөн өспүрүм кыздардын көбү зордуктоого кабылгандар.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жылына 15-19 жаш курактагы кыздар арасында 21 млн бойго бүтүү учуру катталат. Анын 12 млн өспүрүм курагында төрөйт. Кыргыз статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, эрте жашта бойго бүтүп калуу, боюнан алдыруу көрүнүштөрү 2011-жылдан бери азая элек. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына таяна турган болсок, 15-19 жаш арасында көз жаргандардын саны боюнча Кыргызстан Азербайжан өлкөсүнөн кийинки эле 2-орунда.

Мектептерде сабак катары киргизилсе…

Эмне үчүн биздин мектептерде жыныстык тарбия тууралуу сабактар жок деген суроого жооп издегенибизде, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева “Азаттык+” маалымат агенттигине берген сөзүндө мындай дейт:

“2014-жылы “Жашоонун сергек образы” деген программа иштеп чыгып, 2015-2017-жылдары мугалимдерди массалык түрдө окутуу иштерин жүргүзүп келе жатканбыз. Бирок, азыркыга чейин түшүндүрүү иштерин жасап келебиз. Себеби, кыргыз менталитетине туура келбейт дешип, баш тартышкан учурлар болууда”.

Андай болсо тарбияны ата-энесинен эле алсын дей турган болсок, бардык эле ата-энеде ал нерсе тууралуу, балдарына бере ала турган деңгээлде билими жетпей калган учурлар да кездешпей койбойт. Маселени чечүүнүн жолу – атайын адистер тарабынан мектептерде жыныстык тарбия тууралуу сабактар өтүлсө эң сонун болмок деп ойлойм. Ооба, мектеп программасында адеп сабагы бар. Бирок ал сабактан таптакыр башка нерселерди окутат. Жыныстык тарбия жөнүндө кымындай да маалымат жок. Ошондуктан, өзүнчө сабак болуп кирсе, педофилияны алдын алуу мүмкүнчүлүгүбүз жогору болмок деп ойлойм. Өспүрүмдөр сексуалдык зомбулуктун алдын алуунун жолдорун, эрте жыныстык катнашка баруунун зыяндуулугун, жугуштуу оорулардан сактануунун ыкмаларын окуп үйрөнүшүп, кыздарыбыз алданып калбай, жоопкерчиликти сезе билишип, зордук-зомбулук түп тамырынан жоголот беле деген изги тилек….

Динара Куттубаева,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Устаты Бакыт Орунбеков


Сиз кандай ойлойсуз, мектепте өспүрүмгө жыныстык тарбия бериш керекпи?
11 добуш · 11 жооп

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *