06.08.2021

Соцмедиадагы маркетингдин онлайн жашоосу

2020-жылдын жаз айларында пандемияга байланыштуу киргизилген карантинден улам көпчүлүк компаниялар онлайн түрдө иштөөгө өтүштү. Социалдык медиадагы маркетинг (СММ) тармагындагылардын иши да онлайн уланды. Бул тармакта кандай кесиптер бар, алар эмне иш кылышат бул материалда айтып бермекчибиз.

СММ тармагы азыркы учурда жаштардын арасындагы эң популярдуу, жаштар үчүн иштөөгө ыңгайлуу тармактардын бири болуп саналат. Социалдык медиадагы маркетинг деген кандайдыр бир товар же кызматты социалдык баракчалар аркылуу көрсөтүп өнүктүрүү, сатуу дегенди билдирет. Маркетингде эң башкы максат – потенциалдуу кардарларды табуу. Социалдык медиада чакан же ири бизнести өнүктүрүү үчүн СММ адис, таргетолог, копирайтер, контент-менеджерлер, сторисмейкерлер керек. Бул кызматтардын баарын бир эле киши аткарышы дагы мүмкүн. Мындан тышкары ар бирин өзүнчө аткарган кесипкөйлөр болсо товарды, кызматты сатуу да эффективдүү болот.

СММ-адис

Компаниянын кандайдыр бир товарын же кызматын социалдык баракчаларда аудиторияга тааныштырып жана ал баракчаны өнүктүрүү менен СММ адис алектенет. Ал маркетинг сферасындагы эң алдыңкы жаңылыктардан кабардар болуп туруусу зарыл. СММ специалист товарды жүргүзүүдөн тышкары, контент визуалын жакшыртуу, туура тексттерди жазып, блогер жана амбассадорлор менен иштейт.

Копирайтер

Копирайтердин эң башкы милдети – бул текст жазуу. “Атайын буйрутма менен текст, сатылуучу тексттерди, илимий жана маалыматтык макалалар, Инстаграм, ар кандай сайттар үчүн тексттер, буклеттер, рекламдык слогандар, жаңылыктар, рецензиялар, обзорлорду өз моюнуна алып жазып берүү копирайтердин аткарган иши”, – дейт жети жылдык тажрыйбасы бар копирайтер, СММ адис Назира Дагас. Анын айтымында, социалдык тармактардагы биз окуган тексттердин бир тобун, билборддогу, афишалардагы тексттер копирайтерлердин калемине таандык.

Бардык башка кесиптердикиндей эле копирайтерлердин дагы өз артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Эң башкы артыкчылыгы болуп, албетте, бул онлайн форматта иштөө болуп саналат. Анткени өз иштөө убактыңды өзүң белгилейсиң. Ийкемдүү график, каалаган жетекчини тандоо мүмкүнчүлүгү – эң башкы плюстары экенин унутпоо зарыл. Мындан тышкары дайыма изденүүдө жүрүү, жаңы креативдүү идеяларды ойлоп табуу бул кесиптин кызыгын дайыма арттырып турат.

Назира Дагас

Назира Дагастын айтуусу боюнча, кээде ийкемдүү графиктин дагы кемчилиги бар. Себеби кээде иштейин деп жатканда жалкоолугуң кармап, уктагың келсе, кээде досторуң алаксытып, жолугушууларга чакырып, социалдык тармактарга алаксып кетишиң мүмкүн. Ошондуктан фриланс болуп иштегенде өзүңдү ар дайым көзөмөлдөп турушуң керек. Дагы бир кемчилиги – тынымсыз кардарларды издеп туруу зарыл. Анткени кардар көп болсо, айлыгың дагы жакшы болот. Бардыгы өзүңдүн изденүүңө, аракетиңе көз каранды.

Жакшы жазган копирайтерлерге суроо-талап ар дайым болот. Бул тармак биздин өлкөдө жаңыдан гана өнүгө баштагандыктан кадрлардын жетишпегенин байкайбыз. Ар бир бизнести өнүктүрүү үчүн текст керек, а бирок мыкты тексттерди ар бир адам жаза албайт. Азыр копирайтинг тармагынын 30 гана пайызы толук. Ошондуктан бул кесипке ээ болууну азыртадан аракет кылып башташ керек.

Таргетолог

Социалдык тармактарда рекламаларды жайгаштыруу таргетологдун милдети. Анын башкы максаты – бизнес аккаунттун өз аудиториясын таап берүү, кардарларды тартуу. Таргетолог кардарлардын товарга жана кызматка болгон кызыгуусун арттыруу, көңүлүн бурдуруу үчүн максаттуу аудиториянын тилинде стратегия ойлоп табат. Башкача айтканд,а өз кардарын табуу үчүн өзүнө ылайык ыкмаларды колдонот.

Перизат Гаипбердиева

Бишкектеги таргетологдун бири Перизат Гаипбердиева: “Бул кесипти бат эле өздөштүрүп кетүүгө мүмкүн. Таргетолог болуп иштөөдө эки жакка чуркабай эле 100 пайыз эркин иштей берсең болот. Өтө чоң кемчиликтери жок десем жаңылбайм. Эгер компания өсүп өнүгүүнү кааласа, жакшы таргетологго муктаж. Анткени мурун таргетологдун эмнеге керек экендигин билишчү эмес. Азыр болсо ансыз ишинин жүрбөй каларын абдан жакшы билишет”, – деп өз оюн билдирди.

Контент-менеджер

Инстаграмдагы баракчанын визуалдык көрүнүшүн жасоо , контентти башкаруу жана жаратуу иштерин контент менеджер аткарат. Контент-менеджер биринчиден контентти пландайт, экинчиден жасайт, үчүнчүдөн лентаны жасалгалап, кардарга даяр формасында тапшырат.

Кыргызстандагы эң алгачкы контент менеджерлердин бири Эльдияр Шакиров 2 жылдан бери бул иш менен алектенип келет. Контент менеджменттен мурун СММ адиси болуп алты жыл эмгектенип келген.

Эльдияр Шакиров

“Бул жумушта эң башкысы өзүң өзүнө жетекчисиң. Каалаган убакта, каалаган кардарың менен иштеше аласың. Бул кесип мага өнөр адамдары менен таанышуу жана өзүңдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн берди. Бул сферада иштеп абдан жакшы маяна алгандан тышкары көптөгөн комплименттерди алуу абдан жагымдуу бөлүгү болуп эсептелет. Бизде бул кесип көп таанылбагандыктан кардарларым кээде кыйынчылыктарды туудурат”, – дейт Эльдияр Шакиров.

Бирок, 2020-жылы контент менеджерлерге болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй актуалдуулука ээ болгонун жана алдыдагы жылдарда дагы актуалдуу болорун кошумчалай кетти.

Визуалдык контент үлгүсү. Автору Э.Шакиров

Контент-менеджери сүрөт, видео тартууну жакшы өздөштүрүп, тартуу иштерин уюштурушу керек. Контентти тартууда кадрлардын логикасын түшүнүп, туура кадрды табуу дагы абдан маанилүү.

Сторисмейкер

Instagram статистикасына ылайык, колдонуучулардын 70 пайызы баарынан мурда стористерди көрүшөт, андан кийин гана түрмөк (лента) аркылуу жылышат. Сторис бөлүмү постторду экинчи планга сүрүп чыгарды. Орто эсеп менен блогер катталуучулардын көңүлүн жоготуп албоо үчүн күнүнө 5-10 сторис жайгаштырышы керек. Буга күнүнө 2-3 саат кетиши мүмкүн.

Сторис бөлүмү

Жакында эле Instagramда блогерлерге, брендге, эксперттерге стористерди түзүүдө, иштеп чыгууда жана жарыялоодо жардам берүүгө даяр адистер пайда болду. Алардын эмгеги таптакыр жаңы “Сторисмейкер” кесибинин калыптанышына түрткү болду.

Storymaker – бул блогерлердин жеке баракчасы жана бизнес үчүн ачылган баракчалардын сторис бөлүмү үчүн сюжет жасоо менен алектенген кесипкөй адис. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул стористерди жасоодо дизайн, оюн түзүү (интерактив), шрифттерди, музыканы, фильтрлерди тандоо боюнча бардык жумуштарды өз мойнуна алат жана бул үчүн акчалай сыйлык алат. Сторис бөлүмүндө көбүнчө күнүмдүк көз ирмемдер, окуялар көрсөтүлгөндүктөн катталуучуларды өзүнө тартып алат. Реклама берүүчүлөр дагы көбүнчө Сторис бөлүмүнө реклама сатып ала башташты. Анткени жайгаштырылган постко караганда Стористердин көрүлүшү алда канча жогору.

“Инстаграмга болгон суроо-талаптан улам бул кесип күндөн-күнгө күч алууда. Анткени учурда рынок өз багытын өзгөртүп жатат. Азыр оффлайн режиминдеги адамдардын көпчүлүгү онлайн режиминде иштеп жатышат. Эң негизгиси портфолио жасап, өзүнө ишеним жаратып, биринчи кардарды алуу керек, ошондо баары өзүнөн өзү алдыга жылып кетет”, – дейт сторисмейкер жана СММ адиси Екатерина Пекшина.

Бишкек шаарында онлайн маркетинг сферасы өз кулачын 2013-жылдан бери жайып келет. Бирок онлайн маркетологдорго болгон талап акыркы эки-үч жылдын ичинде кескин жогорулаганын байкасак болот. Онлайн кесиптерге болгон актуалдуулуктун себеби – технологиялардын күндөн-күнгө өнүгүүсү жана адамзаттын санарип системаларын тез ылдамдык менен өздөштүрүп жатканына байланыштуу экенин айтышат эксперттер.

Инстаграм баракчабызда өткөргөн сурамжылоого таянсак, катышуучулардын 92 пайызы СММ адис, 81 пайызы копирайтер, ал эми 79 пайызы таргетолог, 86 пайызы контент-менеджер ким экенин билишет экен. Мындан улам бул кесиптерге болгон кызыгуу, суроо- талап, бул кесиптердин актуалдуулугу күчтүү экенин байкасак болот.

Азиза Кулбаева,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмунун студенти.

Устаты Бакыт Орунбеков

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *