25.06.2021

Социалдык тармактарда алдамчылар көбөйүүдө

Интернеттин өнүгүүсү жашоо-тиричиликке пайдасы менен бирге зыяндарын да алып келе жатат. Ар түрдүү социалдык тармактар аркылуу катталуучуларды алдап, жалган убадаларга ынандырып, акчаларын тоноодо. Алдамчылардын басымдуу бөлүгү телеграм месенжеринде иш жүргүзүшөт.

21 жаштагы Бактыгүл “Black shop” интернет дүкөнүн инстаграмдагы таргет-реклама (Максаттуу жарнама – бул жарнамаланган өнүмгө же кызматка кызыккан адамдардын көрсөтүлгөн параметрлерине ылайык максаттуу аудиторияны табуу ыкмаларын жана орнотууларын колдонгон ыкма) аркылуу көргөн. Анда телеграмга шилтеме жасалган жана базар баасынан кыйла арзанга Айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефондор сатылып жаткан. Рыноктук баасы 65-70 миң сом болгон смартфондор аталган дүкөндө 9999 сом болуп көрсөтүлгөн. Төлөмдү ишке ашыргандан соң ал кызды бардык тармактан өчүрүп (жаап) салган.

Интернет алдамчылардын көп экенин билебиз дагы кайра ишенип алабыз. Анткени алар ушунчалык далилдер менен ишендирип коюшат, атайын ошону менен алектенишет. Кардарлар ой-пикир, баасын калтырган атайын баракча ачып же интернет дүкөндүн расмий баракчасына күн сайын позитивдүү мүнөздөмөлөрдү (отзыв) жарыялап турушат. Атайын видео, фото отчётторду тартышат. Бирок, тилекке каршы, алар жалган (фейк) мүнөздөмөлөр. Жогорудагы окуяда баяндалган дүкөндөрдө баасынын төмөндүгүн мындайча ачыктайт: АКШдагы банктык эсептерди тоноп, ал акчага Apple заводунан техникаларды дүң алып “бизге окшогондорго” сатмай экен. Экинчи варианты: КМШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз жолдор аркылуу келгендиги үчүн НДС, салык жана башка чыгымдар кетпейт, дүң баасында сатыкка чыгат. Ушул сыяктуу бир нече коёндой окшош шаблондорду колдонушат.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жабырлануучу казак блогери Н. Н.нын жеке гивине (Give – бул заманбап көрүнүшкө айланган эски лотереянын бир түрү. Эгерде мурун адамдар лотерея билеттерин сатып алышып, топтор жана бочкалар менен кийинки телешоуну күтүшсө, эми ушул эле топтор менен бочкалар катышуучу жазылууга мажбур болгон демөөрчүлөр менен алмаштырылды) катышып, демөөрчүлөрдүн арасынан тапкан трейдердин (англ. “trader” – өз демилгеси менен иш алып барган жана соода процессинен түздөн-түз пайда табууну көздөгөн соодагер. Адатта, бул биржада баалуу кагаздарды (акциялар, облигациялар, фьючерстер, опциондор, криптовалюталар, ж.б. соодалоону билдирет) курмандыгына айланды. Жазышуулардан тартылган скриншотторго ишенип трейдер болуп таанылган россиялык аялга акчасын алдатып жиберген. Екатерина Климова аталышында инстаграм жана телеграм аркылуу трейдингдик фирмасына инвесторлорду тартчу. Шартка ылайык 30-40-50-60-70 миң рубль өлчөмүндө депозит төлөнсө 24 саат ичинде 7ден 9 эсеге чейин көбөйтүп бермек.

“Бир ай бою баракчасын күзөттүм, байкоо жүргүздүм. Жүз пайыз кепилдик берген, эгер убадаланган сумма иштелбей калса депозитти толугу менен кайтарып бермек. Аккаунттарында кайрымдуулук жөнүндө сөз ачат эле, “мен да кыйналып, карыз болуп жүргөм, жакшы түшүнөм, ошондуктан карапайым адамдарга жардам бергим келет” сыяктуу сөздөрүнө ичим жылыган”, – деп кантип капканга илингенин айтты.

Г. көрсөтүлгөн дарекке акчаны которгондон кийин брокер аны кара тизмеге салып, байланышууга мүмкүн болбой турган кылыптыр. Башка баракча ачып байланышайын десе баардык тармактан өз атын, баракчаларын өчүрүп салыптыр. Окуядан кийин ИИМге арыз жазып калтырган. Инстаграмдан болсо Екатерина Климова атына аккаунт ачып, анын алдамчы экенин жазып, фотосүрөттөрүн да жүктөптүр. Бирок трейдер сымал адам менен тармакка жарыялаган сүрөтү жана аты дал келеби, жокпу белгисиз.

Булардан башка эң популярдуу – спорт оюндары үчүн утушка сайылган акча же лайв ставкалар (жандуу коюмдар – спорттук иш-чаранын жүрүшүндө коюла турган акчалар. Букмекер менен оюнчунун тирешүүсү реалдуу убакыт режиминде болот. Эгерде спорттук иш-чара учурунда маанилүү бир нерсе болуп кетсе, анда алар коюмдарды токтотушат). Мен ушул сыяктуу баракчалардын бирине кардар болуп барып, эксперимент жасап көрдүм. Анын шарты: кардар 15000 рублдан баштап акча коет, эксперт ага дагы ошончо өлчөмдө акча кошуп спорт оюндарына тигет. Оюн башталарда коэффициент (Коэффициент – бул спорттук иш-чарада окуянын ыктымалдыгын билдирип, букмекердин маржасын камтыган сандык көбөйткүч. Коэффициент оюнчуга бир коюм боюнча потенциалдуу утуштар жөнүндө түшүнүк берет) белгиленет экен, мисалы 1,6 болсо, эксперт жүргүзгөн божомолдоо менен ошончо эсе пайда калат дегени. Негизинен ставкалар өтө тобокелчиликтүү болуп эсептелет. Бирок, бул эксперттер 100% кепилдик берет. Ишенимдүү болушу үчүн дагы кандай кепилдиктер бар экенин сурадым. Ал каналына жүктөгөн жазышууларды окуй аларымды айтты, андан соң эгер ишенбесем мени мажбурлабай турганын, каалоо өзүмдө экенин эскертти. Мындай сөздөр аз болсо да байланышып жаткан адамда ишеним пайда кылат. Анткени кимдир бирөөгө абадан акча берем деп ынандырууга аракет кылынса күмөн жаратышы мүмкүн.

Жазышуулардан тартылып алынган фотосүрөттөрдө жалаң ыраазы болгон, канааттанган сөздөр жана алкыштар. Кыргызстандык экенимди айткандан кийин казак кардарынын жазышмасын каналына жарыялады. Демек менин көңүлүмдү бурууга аракеттенип жатат деп ойлодум. Байкоону улантып жатып, эмнегедир эксперт менен кардардын окшош быйтыкча (смайлик) колдонгонун, окшош мамиледе, бирдей тондо жазганын байкадым. Акыркы эки аптанын мүнөздөмөлөрүн салыштырганда да кээ бир өзгөчөлүктөр гана болбосо, баары “акыркы акчам, кредит алдым, азыр ушундай мошенниктер көп эмеспи, алдабайсызбы, акча кайдан келгенин түшүнбөдүм бирок сизге ишенейин” жана башка ушул сыяктуу коркуп, күмөн саноо сөздөрү.

Негедир кырк чакты кардардын ичинен бир нечеси эле аялдар экен. Бул жагын эркек кишилердин футбол оюнуна болгон кызыгуусу менен байланыштырса керек, жакшы ойлонгон, туурабы? Акча которуу үчүн реквизиттерин сурадым, аты жөнүн толук жазбай картанын номерин гана жиберди. Дагы бир күмөн жаралды, эмнеге толук дарегин берген жок? Андан ары кеттик. Ошол күнү шарт болбой которо албаганымды айттым. Эртеси атайын байланышпасам да, өздөрү кайрылышты. “Сага акча кылып берейин” деп тааныбаган адамга жалдырамак беле. Мындан ары анын алдамчы экендиги аныкталды. Эскерте кетсем, бул каналга белгилүү бир блогердин шилтемеси аркылуу келип калганмын.

Мындай даректерге көрсөтүлгөн жол көпчүлүк учурда ушундайча. Коомчулукка жылдыздардын, блогер жана башка белгилүү адамдардын жашоосу кызык болот эмеспи. Социалдык тармактарда аларга катталышат. Ошолордун жасаган жарнамалары шилтеме беришүүдө. Дал ошол интернет талап-тоноочуларын блогерлер билип-билбей эле жарнамалап жатышат.

Болуп жаткан көрүнүштөр интернет айдыңында болобу, чыныгы жашоодо болобу баалуу нерселерди кимге ишенип ишенбестигибизге көңүл буруу, акыл калчап чечим чыгаруу керектигин көрсөтүүдө.

Интернет алдамчылыгы мыйзам жүзүндө кадимки алдамчылык, бирөөнүн мүлкүнө кол салуу сыяктуу кылмыш болуп эсептелет. Өлкөнүн баш мыйзамында аталган жосундарга кандай чара көрүлөт?  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси:

(1) Алдамчылык кылган адам, башкача айтканда, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу же алдоо жолу менен менчик укугуна ээ болуу үчүн, бир жүз сексенден эки жүз кырк(180-240) саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумушка тартуу же үч эселенген айып же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

(2) Ошол эле аракет:

1) адамдардын тобу;

2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу өлчөмдө,

-эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн үч жүзгө(50-300) чейинки өлчөмүндө же үч эселенген айып өлчөмүндө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылдан үч жылга(1-3) чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ошол эле жосунду ири өлчөмдө жасаган адам үчүн, үч жылдан беш жылга(3-5) чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Ошол эле аракет:

1) уюшкан  тобу тарабынан;

2) өзгөчө ири масштабда;

3) кызматтык абалынан пайдалануу;

4) уурулук же опузалап талап кылуу үчүн мурда эки же андан ашык жолу соттолгон адам тарабынан, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга(5-10) чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ири өлчөмдө кылмыш жасалган учурда (1 000 000 сом), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жыйырма беш эселеп кайтаруусу керектиги(25 000 000 сом) каралган.

Ал эми кылмышкер башка өлкөнүн жараны болгон учурда деле жол-жоболору каралган: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин адистештирилген башкармалыгы Интернеттеги кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен алектенет. Кылмыш жасаган адам чет өлкөлүк жаран экендигин эске алып, аны Кыргыз Республикасында жосунсуз жоруктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес. Тартип бузгандыгы жөнүндө арыз жазууга аракет кылыңыз жана эгерде министрликтин органдары сиздин арызыңызды каттаса, анда сиз жабырлануучу катары суралып, жабырлануучу деп табылып, андан кийин сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу алдамчы жаран болгон өлкөгө жөнөтүлүшү мүмкүн.

Бир күнү базарга барган бир киши килограммы 20 сом деп сатылган алманы алайын десе, жанындагы сатуучу алманын бир даана данегин 2000 сомго сатып жатыптыр.

– Эмне үчүн мындай кымбат? – десе

– Бул сыйкырдуу, жегенден кийин акылга акыл кошот, башыңыз кыйын иштеп кетет, – дейт экен. Аны сатып алып жегенден кийин “20 сомго бир килограмм алма алып жебептирмин” деп аттиң кылып, башын тырмап калыптыр.

Жогорудагы апенди сыңар адамдар данек саткан сатуучулардын торуна илинип калбаш үчүн маалыматты туура алуу, аны түшүнө билүүсү зарыл. Ушул өңдүү окуялардын болуп жатканына дүйнөлүк кризис, оор турмуш шарты, адамдардагы гумандуулук, чынчылдык, адилеттүүлүк касиетинин жетишпестиги жана ушулар сыяктуу факторлор таасирин тийгизип жатышы мүмкүн.

Бегимай Арстанбек кызы,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика бөлүмүнун студенти.

Устаты Бакыт Орунбеков

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *