16.05.2021

Ышталган Бишкек, андан кантип кутулат?

Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте байма-бай жарыяланып турат. Ыштын кесепеттерин чечүүнүн кандай жолдору бар?

Быйылкы кышта Бишкек бир канча апта дүйнөдөгү ыш каптаган эң кир шаарлардын алдыңкы сабында турат. Абанын булганышы боюнча ноябрдан январдын ортосуна чейин дээрлик алдыңкы он саптан түшкөн жок. Өткөн аптада изилдөөлөр шаарда аба тазарганын көргөздү. 24-январдан тартып абанын сапаты кайра начарлай баштаганы байкалган.

Абанын булганышы боюнча рейтинг Кактус.медиа сайтынан алынды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өнүктүрүү институтунун Геоэкологиялык мониторинг лабораториясынын башчысы Исакбек Торгоев мындай деп билдирет:

“Бишкек шаарынын абасынын булганышы маселесинде табигый жана антропогендик факторлорду бөлүп көрсөтүү керек. Акыркы жылдары күз-кыш мезгилинин башталышы жана жылытуу мезгили менен борбор калаада абанын булганышы жана фитохимиялык түтүндүн жогорку деңгээли байкалууда. Ага бир катар табигый жана антропогендик факторлор себеп болот. Табигый (географиялык, климаттык, метерологиялык) факторлордун айкалышы жагынан Бишкек атмосферанын булганышы жогорку потенциалы жана өзүн-өзү тазалоо жөндөмүн төмөндүгү менен мүүнөздөлөт”.

Адистердин пикиринде зыяндуу заттардын анча-мынча бөлүнүп чыгышы да, айрыкча суук мезгилинде абанын булгануу деңгээлин жогорулатышы мүмкүн. Кыш мезгилинде жана өткөөл мезгилде абанын айлануусунун активдүүлүгүн төмөндөшүнөн улам булгануу атмосферанын үстүңкү катмарында топтолуп, шаарга түтүндү пайда кылат. Шаардагы негизги ыштар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), автоунаалардан чыккан түтүндөрдөн пайда болууда.

“Эмне үчүн түтүн пайда болуп, кээде дээрлик жок болуп кетет? Бул аба-ырайына байланыштуу. Түтүн абанын төмөн температурасында жана тынч аба-ырайында пайда болот. Муздак аба жылуу абаны өйдө карай кысат, ал эми жеке сектордун мештери төмөн, түтүн анчалык деле ысык эмес, көтөрүлбөйт, жылуу абага каршы туруп шаардын үстүнө жайылат. ЖЭБдин үч жүз метрлик түтүнү түтүндүн чыгуусуна мүмкүндүк берет, бирок ошого карабастан булгануу деңгээли жогору бойдон калууда”, – дейт Исакбек Торгоев.

Иликтөөлөргө таянсак адистер абанын булганышына Бишкек ЖЭБинин салымы зор экенин баса белгилеп келишет. Себеби, ЖЭБди модернизациялоодо жергиликтүү көмүр колдонууга артыкчылык берилген. Тагыраак айтканда Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкташылганы айтылат. Бирок аталган көмүрдүн сапаты боюнча талаш-тартыш жүрүп, бул Бишкекти каптаган түтүндүн негизги себеби катары эсептелет.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык тармактардагы билдирүүсүндө, маселени чечүүнүн негизги жолу Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү керектигин айтты. Газга өтүү менен абаны каптаган түтүн 50-60 пайызга азая турганын белгилеп, аны менен кошо Кара-Кече көмүрүн Бишкекке алып кирүүгө жана шаардын чет-жакасындагы жаңы конуштарга колдонууга тыюу салууну сунуштаган.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков экологдор менен жолугуп, ыштан арылуунун жолдорун талкуулашты. Новиков Бишкектеги 22 от казанды газга өткөрүү жана ал үчүн 200 миллион сом талап кылынаарын белгиледи. Ал белгилегендей абанын булганышына байланыштуу көйгөйдүн кыска убакытта чечилишин күтүүгө болбойт.

“Бул көйгөйдү бир жылдын ичинде чечүү мүмкүн эмес, муну элибиз түшүнүшү керек, бирок булгануунун деңгээлин акырындык менен төмөндөтүүгө болот”, – дейт Новиков мырза.

Жаңы конуштардагы тургундардын көпчүлүгү үйлөрүн көмүр менен жылытат. Себеби газ кирген эмес. Ал эми электр жарыгынын кубаты жетпейт. Элге жеткиликтүү отун Кара-Кеченин кара алтыны. Өлкө жылына кеминде 2 жарым миллион тоннадай көмүр керектесе, анын көбү Жумгалдагы Кара-Кече кенинен казылат. Кыргызстанда көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборотория жок.

Биология илимдеринин кандидаты, доцент Нурзат Тотубаева “Супер Инфо” гезитине берген маегинде бул көйгөйдүн себебин төмөндөгүдөй түшүндүрөт:

“Бишкекти каптаган ыш экологиялык жактан абдан зыяндуу. Ышты азайтуу үчүн чечкиндүү иш-чараларды аткаруу керек. Шаарды каптаган ышка бир эле ЖЭБ күнөөлүү дегенге кошула албайм. Анткени жеке менчик сектордо сапаты начар болгон ар түрдүү отундар жагылып жатат. Кийим тигүүчү цехтерден чыккан калдыктар, синтетикалык чүпүрөк, дөңгөлөктөр колдонулууда. Экология боюнча инспекция, жергиликтүү бийлик үймө-үй кыдырып, айрыкча жаңы конуштардагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Так маалымат берилиши абзел. Көпчүлүк тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды өрттөп, таштандыларды азайтып жатам деп ойлойт. Бул туура эмес экенин түшүндүрүү зарыл”.

Дарыгерлердин пикиринде таза эмес кир аба менен дем алуу, ден-соолукка зыяндуу. Бул өнөкөт ооруларды анын ичинен айрыкча өпкө ооруларын козгойт. Бронхиалдык астма, хобл (өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу) менен ооруган кишилердин өнөкөт оорулары болсо ооруну козгойт. Абадагы тыгыздыктын (концентрация) айынан жакшы дем ала албай, кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөр көп. Дени сак адамдар учурунда абанын зыянын сезбей, билбей жүрө берип, кесепетин кийин тартышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийликтин корутундусуна таянсак, борбор калааны каптаган ыш боюнча тез арада комплекстүү иш-чара кабыл алып, абаны тазалоого киришүү керек. Бишкекте бир күн жашоо, бир куту тамеки чеккенге барабар ден-соолукка зыян экендигин экологдор байма-бай айтып жатышат.

Медина Дүйшеева (устаты Бакыт Орунбеков)

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *