20.09.2021

«Балалыгым, жаштыгым оору менен алышып өттү»: Азап чырмаган кыял

Жараткандын бул пендесинин маңдайына жазылган тагдырды башкаларга бербесин. 8-класста окуп жүргөндө энеси каза болуп, эң кымбат адамынын мээриминен ажырады. Андан кийин азапка салган оору чырмады, бүтүн жаны бүлүнүп, бутун кестирди…

“Мектепте окуп жүргөндө эле талма оорусуна кабылгамын. Андан кийин 10-класста кант диебети менен ооруп, эпилепсия оорусу жабышты. Ошентип балалыгым, жаштыгым оору менен күрөшүп өткөн. Азыркы учурда ден соолугум бузулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катарына кошулуп, бир бутуман ажырап калган кезим”, – деп өзөк өрттөгөн бугун чыгарып айтып, маңдайымда жайнаган жүзүнөн көп жылдык азаптын изи билинбеген менен көзүнөн арман чачыраган, кыркка чыга элек айылдык жигит отурду.

Талма оорусу жармашкандан кийин аны үйдөн эч жакка чыгарбай калышкан. Барбаган ооруканасы калбады. Атасынын жумушуна байланыштуу Бишкекке көчүп барышты. Бирок борбордогу дарыгерлерден дагы даба табылбады.

Ушундай азаптуу күндөрдө анын бир эрмеги, бир сырдашы китеп болду. Колуна тийген китептерди үзбөй окуду.

“Айтат го китепти сен ач, китеп сени ачат деп, көбүнчө адабий жана диний китептерге басым жасаймын. Көп учурда китеп окуу менен убакыт өткөзгөнгө аракет кыламын”, – дейт Азис.

Ошентип эпилепсия менен алышып жүргөндө буту ириңдеп, 2014-жылы төрт жолу операция жасалып, сол бутун кестирбеске аргасы калбады:

“Ал күн мен үчүн жашоомдун эң эле оор күнү болду. Кайра ошол күндү такыр эстегим келбейт. Жаңы операция болуп, бутум кесилген учурда адамдарга, досторума, туугандарга, дегеле баарына кошула албай, өзүмчө бир аалам болуп, кошулгум келбей жүрдүм. Мындан кийин ушинтип майып болуп калдымбы? Эл катары кадам шилтеп баса албай калдымбы? Жашоом кандай болот? Кандай нукка өзгөрөт? Ушинтип өзүмдү жемелеп, ой басып такыр уктай албай кыйналган күндөрүмдүн бири эле. Акыры айла жок, эми бул да болсо тагдыр. Алланын берген сыноосу, тагдырга эмне жазылса ошону көрөбүз деп өзүмдү соротоор элем…”

Азис башында өзөгүн өрт басып, ыйлап, өз жанын өзү кыйгысы келген учурлар болгонун жашырбайт. Бирок жакшылыктын үмүтү, акыл сабыр менен көп кыйынчылыкты жеңсе болот экен.

Азис азыркы учурда байкеси менен жашайт. Алар жардамдашып жакшы карашат, шүгүр кылып күн кечирип келатат. Бирок өмүр бою башкаларга жүк болбой, өзүн өзү багып, керек болсо ал китептен окуган эрки күчтүү адамдардай, ооруну жеңип, өзүнчө оокат курап, үй-бүлө күтүп, бала чакалуу болуп, очор-бачар үйдүн башында болгусу келет.

“Жалгыздык – бул аябай жаман нерсе, жаныңда сени угаар, сени түшүнгөн, сен менен чогуу саналаш досуң, бир тууганың, келинчегиң болсо баарын оңой жеңсе болот. Колдоо, белиңе бел болот деп ойлоймун. Мен да эл катары өз теңиме баш кошуп, бала өстүрүп тарбиялагым келет. Бирок мени кабыл алаар бекен эл катары? Эркек катары бул аябагандай олуттуу суроо жана өзөктү өрттөгөн өкүнүч”.

Мамлекет чектеген 2400 сом алат. Өкмөткө кайрылса жөлөк пулду көбөйтө албасын айтышкан. Азыркы учурда коляскасы бузулуп, ал өзүнчө бир кыйынчылык жаратып турган убагы.

“Бир бутум иштейт, ал дагы сөөктөргө ажырап туура эмес бүтүп калган. Дарыгерлердин айтымында, буттарымды аяп эле коляска менен жүргөнүм жакшы экен. Протез менен жүрсөң, экинчи бутуңа күч келип шишип кетет дешкен. Мен ар дайым дарыланып турбасам буттарым шишип кетет. Коляска менен эле жүрөмүн. Бирок коляскамда бузулуп, кыйынчылыктар болуп жатат. Жаңы коляска алып алсам деп акча чогултуп жаткан кезим. Ойлор көп, аларды ишке ашыруу кыйын тура. Негизи жардам сураганды жактырбаймын, сурабаганга аракет кыламын. Адамдар мен кандай болсом, ошондой кабыл аларын күтөмүн ар дайым. Мүмкүнчүлүгү чектелген дегенде, ден соолугунун бир жери же болбосо эки жери чектелиши мүмкүн, бирок башка адамдар сыяктуу эле кабыл алынса туура болот деп ойлоймун. Биз да коомдун бир бөлүгүбүз. Адам баласы башынан өткөзбөсө, кыйынчылыкты оңой менен түшүнбөйт”.

Азыр Азистин көңүлүндө көктөгөн бир жакшы ой бар. Бир кайрымдуулук фондун ачып, өзүнө окшоп мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, балдар үйүнө, карылар үйүнө жардам берейин деген максат кыялы болууда.

Чынында Азиске окшоп кырсык басып же оору чырмап, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип калган адамдар бардык жерде бар. Бирок социалдык саясат туура жүргөн жерде аларды жалгыз томсортуп таштап койбой, коомго аралаштырууга жакшы көңүл бурулат эмеспи. Керек болсо, аларга иштегенге же өзүнчө бир ишкана ачканга мамлекеттен үстөгү жок кредиттер, ссуда каралып, салык албай, жана башка ушул сыяктуу жеңилдиктер берилет. Азис жашаган жерде ушундай жеңилдиктер каралган бекен деп сурап, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү башчысы Эльвира Жанболотовага кайрылдык.

“Мамлекет тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык жөлөк пулдар өз убагында берилип турат. Беш жылда бир жолудан ден соолугунун чыңдоо максатында путевка жана кресло коляска берилип турат. Мындан сырткары быйыл 3-декабрда майыптардын эл аралык күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен ар тараптуу социалдык колдоолор, акчалай, көмүр, азык-түлүк менен жардам көрсөтүлөт. Облус боюнча 11 843 майып адам бар. Алардын ичинен 5 411 майып адам райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турса, 6432 адам райондук социалдык фонд башкармасында каттоодо турат. Облуста ден соолугунун жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып барган төрт реабилитациялык, 15 коомдук бирикме бар”, – деген жооп болду.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген үч адамга акы төлөнгөн коомдук жумуш берилип, 30 адам убактылуу иш менен камсыз болгон. Эки адам кесиптик окууга тартылган. Он адамга Нарын шаарында курулган жаңы турак жайдан үй берилген.

Бул фактылар коомдун аялуу катмарындагы адамдар үчүн мамлекетте социалдык камкордук кайсы бир деңгээлде болуп жатканын көрсөтөт. Бирок, албетте, ал жетишсиз. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды элден бөлүп салбай, кайра аларды коомго активдүү аралаштыруунун ар кандай формадагы механизмдерин иштеп чыгып, бардык деңгээлде колдоого алуу керек. Ырас, мамлекеттин казынасында каражат каат, дал ошол себептүү жалаң өкмөттүн көзүн карабай, эл аралык уюмдардын, ишкер чөйрөнүн потенциалын тартып, башка дагы резервдерди карап көрүүгө эмнеге болбосун. Ошондо Азистин жанын кейиткен жарааты бүтүн айыкпаса дагы, күүгүм баскан жашоосуна жакшылыктын бир шооласы аралап кирет беле…

Орозгүл Аташова (устаты Кубат Чекиров)

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *