23.04.2021

Аялды зомбулуктан кантип коргойбуз?

Кыргызстанда аялдарга жасалган зомбулуктун саны күндөн күнгө өсүүдө. Статистикага кайрылсак жылына 12 миңден ашуун адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, зомбулукка кабылгандардын 95 пайызы аялдар. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун себеби эмнеде?

Мыйзам боюнча аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Тилекке каршы, зордук көрсөткөн эркектердин көбү мындай жаза менен жоопко тартылбай келе жаткандыгын бейөкмөт уюмдар байма-бай коңгуроо кагып келишет.

“Сезим” кризистик борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Би-Би-Си радиосуна берген маегинде мындай деп билдирет:

“Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку жаза – аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок, бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек. Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазышып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Экинчиден, аялдар арыз менен кайрылган чакта да укук коргоо органдары тарабынан бул маселе аягына чейин чыгарылбай калган учурлар бар”.

Айрым эксперттердин пикиринде, калктын билимсиздиги, тышкы-ички миграция, үй-бүлөдөгү тарбиянын жоктугу ж.б. көйгөйлөр аял-эркек ортосундагы уруш-талашка алып келүүдө, аягы зордук-зомбулук менен бүтөт. Үй-бүлөнүн туруксуз жашоосунан кыйналган балдар да коомдо өз ордун таппай кыйналышат. Учурда Кыргызстанда 85 миңден ашык бала ата-энесинин камкордугусуз туугандарынын колунда тарбияланууда.

Коопсуз делген үй дагы айрым аялдар үчүн кооптуу жерге айланууда. Анткени аларга сүр көрсөткөн эркектер менен бир үйдөн чыга албай калган учурлар көп болууда”.

“Маселени чечүү үчүн аздыр-көптүр иштер жасалып жатат. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун болушунун эң башкы себеби элдин экономикалык начар абалы. Ага кошумча калктын билимсиздиги, жумушсуздук, бири-бирин баалабастык, тышкы-ички миграция, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, тарбиянын жоктугу сыяктуу маселелер чоң зыян келтирүүдө”, – дейт “Аялдарды коргоо” борборунун директору Бакен Досалиева.

Адистердин баамдоосунда, үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси социалдык оор жара катары Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө көп кездешет. Зомбулукка кабылып, аргасыз тилин тиштеп жүргөн көп аялдар аз эмес. Бирок Кыргызстанды бул жаатта маселе өзгөчө оор. Кыргыз кыз-келиндери ошол көйгөйүн коомчулукка ачык чыгаргылары келишпейт. Себеби, күйөөсүнөн коркушат жана “балдарым менен кайда барам” деген ой келет, алар үчүн каржы-акча кошумча көйгөй жаратып, тушап турат.

Социолог Топчугүл Шайдуллаева “Азаттык” радиосуна берген маегинде анын себебин төмөндөгүдөй түшүндүрөт:

“Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси социалдык оор жараат. Биз муну көп учурда элдин абалына, жашоо деңгээлине, билимине, коомго карата көз карашына, улуттук баалуулуктарына, ошол мамлекеттин өсүп- өнүгүүсүнө байланыштырсак болот. Чындап келгенде мунун тамыры Кыргызстанда өтө терең, өтө көйгөйлүү бойдон калууда.

Эгер статистикага таянсак, бүгүнкү күндө эң өнүккөн деген Европа мамлекеттеринде, ошол эле Американын өзүндө үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси бар. Биздин өлкөдө кырдаал өтө оор. Бүгүн зомбулук маселеси боюнча коомдук уюмдар гана иштеп, каршы күрөшүп келе жатат. Азыр Кыргызстанда бир да аймакта, райондо шаарда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн, аларга аз да болсо жардам берген бир дагы мамлекеттик кризистик борборлор жок. Ушундай болгондон кийин көйгөй менен күрөшүүнүн мамлекеттик деңгээлде жолдорун карашыбыз керек”.

Иликтөөлөргө таянсак кыргыз аялдары өзүлөрүнө ишенишбейт, аял өзүнүн сөзүн башка бирөөгө айткысы келбейт. Анткени аларды биринчи эле жакындары колдобойт, жанындагы адамдар басым көргөзүшөт. Жакын туугандарынын таасиринен, жектөөсүнөн улам, коркушат. Демек колдоо күтпөгөн, колдоо таппаган аял басынып, запкы тартат. Ар бир адамдын тандоосу, бактылуу жашоого акысы бар, тандоо өзүнөн көз каранды жана эч качан коркпош керек.

Жыйынтыктап айтсак жаш балдарга, өзгөчө кыздарга терең билим берүү керек. Кыз кишинин өзүнө болгон ишенимди кичинесинен жаратууга шарт түзүү зарыл. 30-40-50 жаштагы аял беш баласы болсо дагы өзүнө ишеним жарата алышы керек. Ал өзүнө ишенгенден кийин өзүн сыйлайт, өзүн жакшы көрөт. Адамдын өзүнө болгон ишенимди кичинесинен пайда кылсак, бүгүнкүдөй зордук-зомбулук көйгөйлөрү азаят.

Медина Дүйшеева статы Бакыт Орунбеков)

Пикир калтыруу

Эл. почтаңыз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу жерлердин белгиси *